2019-жылдын 14-октябрындагы “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө комитеттин КОРУТУНДУСУ 2-окуу

23-10-2019 14:01

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2019-жылдын 14-октябрындагы

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

КОРУТУНДУСУ

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 29-августундагы №438 токтому) “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 3253-VI токтомун карап чыгып, мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-абзацын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-сентябрындагы чечимине жана конституциялык принциптерге ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоодо мыйзам жаратууга укуктуу субъекттерден жазуу жүзүндө сунуштар жана сын пикирлер келип түшкөн жок.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык  сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын (тиркелет).

2. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору маселе боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык  сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г. С. Молдобекова тапшырылсын.

3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору З. Ж. Эргешов чакырылсын.

 

 

 

Комитеттин төрагасынын

           орун басары                                                            Т. И. Икрамов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 16