2019-жылдын 6-сентыбрында Жогорку Кеӊеште эмгек, миграция, адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун жыйыны болду. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаты Евгения Строкова, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, бизнес ассоциациялардын, Эл аралык эмгек уюмунун өкүлдөрү, эмгек маселелери боюнча эксперттер катышты.
Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасындагы эмгек мыйзамдары боюнча реформалардын масштабына баа берүүгө багытталып жүргүзүлгөн талдоо боюнча эл аралык эксперт Никита Лютов баяндама жасады. Ал Кыргызстандагы эмгек мыйзамдары боюнча реформа жүргүзүүнүн муктаждыктарынын себептерине токтолду. Ошону менен катар эмгек рыногундагы эмгек мыйзамдарын реформалоо багытында көрүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу айтты. Маселен, эмгек мамилелерин жөнгө салуунун негизги багыттары болгон жумушчулардын бир уюмга биригүү эркиндиги, жумушка орношуудагы теӊ мүмкүнчүлүктөр, балдар эмгеги, мекеме, ишканалардагы эмгек мамилелерин инспекциялоо, эмгек мамилелериндеги чыр-чатактардын чечилиши, минималдуу эмгек акыны белгилөө, жумуштан бошотуудагы жагдайлар, кесиптик кошуундар бирлигинин абалы тууралуу кеӊири маалымат берилди. Өлкөдөгү эмгек мыйзамдары боюнча реформалардын масштабына баа берүүгө багытталып жүргүзүлгөн талдоо боюнча иш алпарган жумушчу топ жыйынтыгында бир катар рекомендацияларды сунуш кылышкан.
Жумушчу топтун жыйынында КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов бир катар мамлекеттик органдардан мүчө болуп кирген, министрликтин алкагында түзүлгөн жумушчу топтун эмгек мыйзамдарын реформалоо жаатында алпарып жаткан иштеринен азыноолак кеп кылды.
Талкууда жыйындын катышуучулары ишкана-мекемелердеги кесиптик кошуундар бирлиги жумуш берүүчүлөргө көз каранды болуп калган жагдайларды, эмгек укуктарын коргоо ченемдери бузулган учурлардагы жоопкерчиликтердин бир тобу КР Кылмыш-жаза кодексинен, Административдик кодекстен жана башка тиешелүү мыйзамдардан алынып салынгандыгын айтып чыгышты. Ошону менен катар эмгек мыйзамдарын реформалоодо башка өнүккөн өлкөлөрдүн жарандарды жумушка алууда мамлекеттер аралык смарт контракт тажрыйбаларын эске алуу жагы да белгиленди. Мындан сырткары, Кесиптик кошуундар бирлиги жөнүндөгү мыйзам долбоорун кайрадан дыкат карап чыгуу боюнча бир катар пикирлер болду. Депутат Евгения Строкова өлкөдөгү эмгек мыйзамдарынын аткарылышы жана андагы көйгөйлөрдү талдоо боюнча алгылыктуу иш-аракеттер аткарылгандыгына токтолуп, анын жыйынтыгы менен иштелип чыккан рекомендацияларды Жогорку Кеӊештин тармактык комитеттери дыкат карап чыгышы керектигин баса белгиледи.
Жыйын катышуучулары Кыргыз Республикасындагы эмгек мыйзамдары боюнча реформалоо боюнча бир катар сунуштарын эл өкүлүнө багытташты.