2019-жылдын 24-июнундагы Керимбеков Бакыт Макеновичди «Данк» орденине көрсөтүү жөнүндө комитеттин чечими

27-06-2019 09:50

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2019-жылдын 24-июнундагы

Керимбеков Бакыт Макеновичди «Данк» орденине көрсөтүү жөнүндө

ЧЕЧИМИ

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын пауэрлифтинг боюнча федерациясынын президенти, пауэрлифтинг боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери Керимбеков Бакыт Макеновичди талапкерлигин «Данк» орденине көрсөтүү жөнүндө маселени (2019-жылдын 19-апрелиндеги кир. № 12-7900/19. тиркелет) карап чыгып, чечим кылат.

1. «Данк» орденине көрсөтүү үчүн Керимбеков Бакыт Макеновичдин талапкерлиги жактырылсын.

2. Комитеттин ушул чечимин колдоо Кыргыз Республикасынын Президентинен суралсын. 

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

 

 

Комитеттин

төрагасынын орун басары                                                     А. С. Токторов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 74