2019-жылдын 24-июнундагы Самаев Аскарбек Кадыровичди «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамына көрсөтүү жөнүндө комитеттин чечими

27-06-2019 09:47

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2019-жылдын 24-июнундагы

Самаев Аскарбек Кадыровичди «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамына көрсөтүү жөнүндө

ЧЕЧИМИ

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Каракол шаарындагы физкультуралык-спорттук комплекстинин директору Самаев Аскарбек Кадыровичдин талапкерлигин «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамына көрсөтүү жөнүндө маселени (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. Айнакуловдун 2019-жылдын 13-июнундагы кир. № 6-13870/19. сунушу тиркелет) карап чыгып, чечим кылат.

1. «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамына көрсөтүү үчүн Самаев Аскарбек Кадыровичдин талапкерлиги жактырылсын.

2. Комитеттин ушул чечимин колдоо Кыргыз Республикасынын Президентинен суралсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

 

 

Комитеттин

төрагасынын орун басары                                                     А. С. Токторов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 70