2019-жылдын 24-июнундагы Абдырахман уулу  Шайырбекти «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамына көрсөтүү жөнүндө комитеттин чечими

27-06-2019 09:34

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2019-жылдын 24-июнундагы

Абдырахман уулу  Шайырбекти «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамына көрсөтүү жөнүндө

ЧЕЧИМИ

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директорунун орун басары Абдырахман уулу Шайырбектин талапкерлигин «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамына көрсөтүү жөнүндө маселени (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияздын 2019-жылдын 20-июнундагы кир. № 6-14591/19. сунушу тиркелет) карап чыгып, чечим кылат.

1. «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамына көрсөтүү үчүн Абдырахман уулу Шайырбектин талапкерлиги жактырылсын.

2. Комитеттин ушул чечимин колдоо Кыргыз Республикасынын Президентинен суралсын. 

 

 

 

 

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                                        А. С. Токторов

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 64