2019-жылдын  24-июнундагы Иманкожоева Шайы Рахматовнаны «Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө  эмгек сиңирген кызматкер» деген ардак наамына көрсөтүү жөнүндө комитеттин чечими

27-06-2019 09:26

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2019-жылдын  24-июнундагы

Иманкожоева Шайы Рахматовнаны «Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө  эмгек сиңирген кызматкер» деген ардак наамына көрсөтүү жөнүндө

ЧЕЧИМИ

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кусейин Эсенкожоев коомдук фондусунун башчысы Иманкожоева Шайы Рахматовнанын талапкерлигин «Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардак наамына көрсөтүү жөнүндө маселени (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. Сабировдун 2019-жылдын 4-мартындагы кир. № 6-5005/19. сунушу тиркелет) карап чыгып, чечим кылат.

1. «Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардак наамына көрсөтүү үчүн Иманкожоева Шайы Рахматовнанын талапкерлиги жактырылсын.

2. Комитеттин ушул чечимин колдоо Кыргыз Республикасынын Президентинен суралсын. 

 

 

 

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                                        А. С. Токторов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 68