2019-жылдын 24-июнундагы Султанова Айчүрөк Ажимаматовнаны «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамына көрсөтүү жөнүндө комитеттин чечими

27-06-2019 09:21

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2019-жылдын 24-июнундагы

Султанова Айчүрөк Ажимаматовнаны «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамына көрсөтүү жөнүндө

ЧЕЧИМИ

 

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн улук консультанты Султанова Айчүрөк Ажимаматовнанын талапкерлигин «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамына көрсөтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж. А. Мусабекованын, А. А. Арапбаевдин, К. Б. Орозованын, А. М. Эргешовдун, К. Т. Зулушевдин, С. Нышановдун, Н. К. Алимбековдун, М. Б. Эгембердиевдин 2019-жылдын 4- июнундагы кир. № 6-12812/19 сунуштары тиркелет) карап чыгып, чечим кылат.

1. «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамына көрсөтүү үчүн Султанова Айчүрөк Ажимаматовнанын талапкерлиги жактырылсын.

2. Комитеттин ушул чечимин колдоо Кыргыз Республикасынын Президентинен суралсын. 

 

 

 

 

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                                        А. С. Токторов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 68