2019-жылдын 24-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы» менен сыйлоого Аманова Кундузкан Козубаевнаны көрсөтүү жөнүндө комитеттин чечими

27-06-2019 09:16

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2019-жылдын 24-июнундагы

«Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы» менен сыйлоого Аманова Кундузкан Козубаевнаны көрсөтүү жөнүндө

ЧЕЧИМИ

 

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, «Баластан» телеканалынын продюсери Аманова Кундузкан Козубаевнанын кандидатурасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө («Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери А. Б. Баатырбековдун 2019-жылдын 11-июнундагы кир. №12-12115/19. сунушу боюнча) карап чыгып, чечти:

1. «Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы» менен сыйлоого көрсөтүлгөн Аманова Кундузкан Козубаевнанын кандидатурасы жактырылсын.

2. Ушул чечимдин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясына  жөнөтүлсүн.

 

 

 

 

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                                        А. С. Токторов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 67