2019-жылдын 24-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы» менен сыйлоого Карымова Гүланда Үсөнакуновнаны көрсөтүү жөнүндө комитеттин чечими

27-06-2019 09:10

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2019-жылдын 24-июнундагы

«Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы» менен сыйлоого Карымова Гүланда Үсөнакуновнаны көрсөтүү жөнүндө

ЧЕЧИМИ

 

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, ырчы Карымова Гүланда Үсөнакуновнанын кандидатурасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р. Ч. Момбековдун 2019-жылдын 21-июнундагы кир. № 6-14667/19. сунушу боюнча) карап чыгып, чечти:

1. «Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы» менен сыйлоого көрсөтүлгөн Карымова Гүланда Үсөнакуновнанын кандидатурасы жактырылсын.

2. Ушул чечимдин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

 

 

 

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                                        А. С. Токторов

 

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 62