Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2019-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетун» карап чыкты

12-04-2019
08:32

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетун» карап чыгып төмөнкүдөй чечимге келди:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши канааттандырардык деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

- эмгекти коргоо боюнча Мамлекеттик  программасын  иштеп чыксын;

- 2020-2025-жылдарга карата калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү Мамлекеттикпрограммасын иштеп чыксын, ал жерде згчиш издөө учурунда кыйынчылыктарга туш келишкен жарандарды иш менен камсыз кылуу чараларына кнл бурулсун (жаштар, ден соолугунун ммкнчлг чектелген адамдар, аялдар);

-илимий даражалар илимдин кандидаты үчүн 25 эсептик көрсөткүчкө, илимдин доктору үчүн 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө көбөйтүү каралсын:

- миграциялык саясаттын концепциясын иш-аракеттердин белгилүү программасыжанастратегиясы менеништепбүтүрүп, бекитсин;

- Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн көчүп келген этникалык кыргыздарга социалдык-экономикалык ресурстарга, анын ичинде, турак-жай жана жерге жетүүнү камсыздоо;

- 2019-жылдын аягына чейин турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлө жана балдардын автоматташтырылган базасын иштеп чыксын;    

- 2019-жылдын аягына чейин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жүргүзүүнүн тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;

- балдардын укугун коргоо жана үй-бүлө институтун бекемдөө, өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык түзүлүштөрүнүн штаттык санын көбөйтүү боюнча маселени карасын; 

- 2019-жылдын аягына чейин үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча субъекттердин иштерин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктасын, ошону менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штаттык санынын көбөйтүү жана материалдык-техникалык камсыздоо маселесин чечсин;  

- маданият кызматкерлеринин (артистердин, музыкалык окуу жайларынын мугалимдеринин, китепканачылардын ж.б.) айлык акысын көтөрүү мүмкүнчүлүгү каралсын;

- мамлекеттик тапшырык боюнча улуттук фильмдерди тартуу боюнча чаралар көрүлсүн;

- бардык деңгээлиндеги педагог жана илимий кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн;

- академик М.М. Мирахимов  атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун «Өнөкөт бүтөлмө өпкө оорусу менен ооруган адамдар кыска мөөнөттө бийик тоо шартында болгондо түтөк жана башка терс таасирлердин алдын алуу жана дарылоо ыкмаларын изилдеп ишке киргизүү» деген темадагы илимий долбоорун каржылоону кайрадан жаңылоо маселесин  карасын;

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жиберилсин.