Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети чечим кылды:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын түз ободо теле көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 3-майындагы № 1553-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин (тиркелет).
2. » Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жөнүндө» маселе боюнча баяндама менен чыгып сүйлөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г. С. Молдобековага тапшырылсын.
3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
«Пирамида» телеканалынын башкы директору чакырылсын.