Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2018-жылдын 4-декабрында Комитет «Манас» эпосунун күнүнө, манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына жана Шаабай Азизовдун 90 жылдыгына арналган «Манас- кыргыз рухунун туу чокусу» илимий –практикалык конференциясын өткөрдү

06-12-2018
10:13

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинини Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык ШЕР-НИЯЗдын 4-декабрь  «Манас» эпосунун күнүнө, манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына жана Шаабай Азизовдун 90 жылдыгына арналган  «Манас- кыргыз рухунун туу чокусу» илимий–практикалык конференциясын өткөрүү жөнүндө маалыматын угуп, төмөнкүдйө чечти:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык ШЕР-НИЯЗдын «Манас» эпосунун күнүнө, манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына жана Шаабай Азизовдун 90 жылдыгына арналган  «Манас- кыргыз рухунун туу чокусу» илимий–практикалык конференциясын өткөрүү жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2. Тиркелген конференциянын Программасы бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппараты (С. К. Ибраев) конференцияны өткөрүү боюнча тийешелүү чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги Конференциянын алкагында өтүүчү тийиштүү чараларды уюштурууга көмөк көрсөтүшсүн.

5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинини Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети милдеттендирилсин.