2018-жылдын 16-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Ысык-Көл областындагы социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү учурдагы абал жана ушул тармактагы объекттердин абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык – Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Осмоналиев Акылбек Шариповичтин маалыматын угуп, чечим кылды:
I. Ысык-Көл областынын социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият чөйрөсүнүн болгон абалы жөнүндө жана саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият объекттеринин абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык – Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Осмоналиев Акылбек Шариповичтин маалыматы эске алынсын.
II. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1. Саламаттык сактоо жаатында:
1) Тоң районунун Кара – Коо айыл өкмөтүнүн Кара - Коо айылындагы оорукананын имаратын реконструкциялоого каражат каралсын жана аталган имараттын бир бөлүгүнө тез жардам берүү бөлүмүн ачуу жана ага автоунаа берүү боюнча чара көрүлсүн жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна караган 5 айылдык ФАПтын имараттары авариялык абалына жараша капиталдык ремонттон өткөрүлсүн же жаӊы имараттын курулушуна каражат карасын;
2) Бөкөнбаев айылындагы Тон райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы модулдук үйдүн курулушун аяктоого 7 млн. сом каражат карасын;
3) Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы Ж. Бектуров атындагы Ак-Суу аймактык ооруканасынын борбордоштурулган стирилизациялоо бөлүмүнө, анын стратегиялык маанисин эске алуу менен жаӊы имарат курууга каражат карасын.
4) Каракол шаарындагы Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын Караколдук бөлүмүнүн имаратынын абалын тыкыз иликтеп чыксын жана жаӊы имарат курууга каражат карасын;
2. Билим берүү жаатында:
1) Тоң районундагы Т. уулу Шамей атындагы жана Улахол айыл аймагына караштуу Шор-Булак айылынындагы эски мектебининимараты, Ысык-Көл районундагы К.Кудайбердиева атындагы, Түп районундагы А.Карымшаков, А.Коенкозов, З.Батырбаев атындагы мектептердин, Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылындагы бала бакчанын, Ысык-Көл районундагы Жаркымбаев айылындагы К.Маматов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин имараттарын курууну реконструкциялоо, аяктоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
2) Мектептердин, бала бакчалардын имараттарын курууга финансылык каражаттарды алдын ала караштырсын:
- Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы М.Аламанов атындагы, Темир-Канат айылындагы Тилеков атындагы, Тоң айылындагы Салиев атындагы, Дөң-Талаа айылындагы Текеев атындагы, Кара-Тоо айылындагы Р.Жангазиев атындагы;
- Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы А.Сатылганов атындагы, Саруу айылындагы Ж.Чабалдаев атындагы, Липенка айылындагы Т.Шевченко атындагы жалпы билим берүүчү мектептер;
- Ак-Суу районунун Новоконстантиновка атындагы О.Элебесов атындагы, Кереге-Таш айылындагы Ж.Алышбаев атындагы, Отрадное айылындагы В.Омельченко атындагы, Жаңы-Арык айылындагы Жаңы-Арык орто мектебин, Тепке айылындагы К.Жантөшев атындагы, Энчилеш айылындагы Чокуев атындагы, Вознесеновка айылындагы М.Жусупов атындагы, ТОктогул айылындагы А.Садыкбеков атындагы;
- Түп районунун Ичке-Суу айылынын З.Батырбаев атындагы, Токтоян айылындагы А.Коенкозов атындагы, Кең-Суу айылындагы М.Фрунзе атындагы жана Т.Сыдыкбеков атындагы, Тогуз-Булак айылындагы Ж.Асаналиев атындагы, Каркыра айылындагы Ж.Асылбаев атындагы;
- Ысык-Көл районунун Көк-Дөбө айылындагы Ш.Эсеналиев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп, Өрүктү айылындагы И.Бейшембаев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп;
- Тоң районунун Көк-Мойнок, Ак-Терек жана Кара-Тоо айылдарынын, Жети-Өгүз районунун Кирпичный, Кайнар айылдарынын бала бакчаларынын имаратын;
- Жети-Өгүз районунун Мундуз айылынын, Кызыл-Өрүк айылынын, Оргочор айылынын М.Тынаев атындагы, Боз-Бешик айылынын Ж.Желденбаев атындагы мектептеринин спорт залдарын;
- Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылынын орто мектебинин типтүү ашканасын, Өрнөк айылынын Өрнөк орто мектебинин, Бает айылынын Бает жалпы билим берүүчү мектебинин, Корумду айылындагы К.Орозов атындагы жалпы билим берүүчү мектеп, Григорьевка айылындагы А.Пушкин атындагы жалпы билим берүүчү мектеп, Кожояр айылындагы Кожояр атындагы жалпы билим берүүчү мектеп;
- Ысык-Көл районундагы Өрнөк орто мектебинин, Чоң Өрүктү айылындагы Акун Мыктыбек атындагы жалпы билим берүүчү мектептердин чоң залдарын;
- Ж.Шаршембиев атындагы №82 кесиптик лицейдин, Кара-Ой айылындагы К.Бектенов атындагы орто мектептин, Бостери айылындагы Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейдин, Семеновка айылындагы П.Колесников атындагы жалпы бидим берүүчү мектептин, Ананьева айылындагы Ю.Абдырахманов атындагы орто мектептин, Кароол-Дөбө айылындагы Ж.Бейшекеев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин имараттарын капиталдык ремонттоо;
3) №42 кесиптик лицейдин мурунку имаратын балдар бакчасына ылайыктап реконструкцияласын;
4) Жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн психологдун штаттык бирдиги карасын;
5) Ак-Суу районунун Челпек айылынын мурунку балдар бакчасынын имаратын калыбына келтирүүгө, аны эмерек жана зарыл жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча каражаттар карасын.
3. Маданият жаатында:
1) Тоң райондук Маданият үйүнүн чатырын ремонтоого жана көрүүчүлөр залында жылытуу системасын орнотууга каражат карасын;
2) Тоӊ районундагы Төрт-Күл айылындагы маданият үйүн, Темир-Канат айылындагы клубдун имараттарын курууга каражат карасын;
3) Жети Өгүз районундагы Тосор, Чоӊ-Жаргылчак, Жети-Өгүз айылдарындагы маданият үйлөрдүн авариялык абалына жараша капиталдык ремонтуна же жаӊы имарат курулушуна каражат карасын;
4) Жети Өгүз районундагы Ак-Дөбө, Жети-Өгүз, Жон-Булак, Кызыл-Суу айылдарындагы китепканалардын имараттарын капиталдык ремонттоого жана китеп фондуларын толуктоого каражат карасын;
5) Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эски жатаканасын сатууга жана жаӊы жатакана салуу боюнча иштиктүү чара көрсүн. Ошондой эле аталган окуу жайдын акты/жыйындар залын ремонттоого каражат карасын;
6) Каракол шаарындагы бардык китепканалардын имараттарынын абалын текшерип чыгып жакшыртуу боюнча иштиктүү чаралар көрсүн;
7) К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл областык музыкалык драма театрынын имаратын капиталдык ремонттоого каражат карасын;
8) Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылындагы маданият үйүнүн имаратын жаӊы курууга каражат карасын;
9) Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы областык тарыхый-корук музейине жаӊы имарат курууга каражат бөлсүн;
10) Ысык-Көл райондук борборлоштурулган китепкананын имаратын кайра курууга каражат каражат карасын;
11) региондордогу кинотеатрлардын имараттарын ижарага берүү маселесин иликтеп чыксын жана имараттын сапатына жараша ижара акы белгилесин;
12) Ысык-Көл обласынын аймагындагы музыкалык мектептерди жаӊы инвентарь (музыкалык аспаптар, окуу куралдар, эмеректер ж.б.) менен жабдууга чара көрүлсүн;
13) Ысык-Көл обласынын аймагындагы китепканаларга китеп фондусун толуктоого каражат карасын.
4. Социалдык коргоо жаатында:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтомуна ылайык республикалык бюджеттен мамлекеттик социалдык заказга бөлүнгөн финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланусуна дайыма көзөмөл жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын.
III. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- 2005-жылы пайдаланууга берген Тоң районунун Тогуз-Булак айылындагы Мырзамамбетов атындагы орто мектептин имаратынын курулушуна байланыштуу иштин жагдайын иликтеп чыгып, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартсын;
- маданий объектилердин, анын ичинде киноматографияга тийиштүү объектердин маселесин иликтеп, объектерди кыйроо абалына жеткирилгендиги боюнча юридикалык баа берилсин.
IV. Ысык-Көл областындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлү Каракол шаарындагы окуучулар шыкалган мектептердин маселесин чечсин.
V. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул чечимдин аткарылышы боюнча 2019-жылдын 3-июнуна чейин маалымат берсин.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Комитеттин төрагасы Г. С. Молдобекова