Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-ж. 27-февраль, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

24-02-2017
11:08

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

2017-ж. 27-февраль, с.10:00                                                               

Жогорку Кеңештин Күн чыгыш залы 

 

1. “Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууда).

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э. Сабиров, М.И. Бакиров, А. Жунус уулу, И.Ш. Өмүркулов, Ж.К. Турускулов, М.Э. Мавлянова.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Максат Эсенович.

 

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууда).

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И. Бакиров, А.Ж.Акматов, Н.Т.Каримов.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Мирлан Исакбекович.

 

3. «Бишкек шаарында 2016-жылдын 21-апрелинде кол коюлган “Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-июлунда кол коюлган “Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу” долбоору боюнча  Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы, “Ош Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окууда).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2017-жылдын 26-январындагы №47 токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдиев Бактыбек Абышевич, Ош шаарынын мэри Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич

 

4. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жыл ичинде аткарган иштери жана 2017-жылдагы иш-милдеттери  жөнүндө”.

Демилгечи: Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитет.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбанын агенттигинин директору Рустамов Абдыкалык Алибекович.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет