Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-ж. 13-февраль, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

10-02-2017
10:03

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

2017-ж. 13-февраль, с.10:00                                                         

Жогорку Кеңештин Күн чыгыш залы, (1-этаж)

 

1. “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (3-окууда).

Демилгечилер: депутаттар С. Нышанов, Жунус-уулу А., А. Баатырбеков, И. Кадыркулов, А. Жапаров, А. Арапбаев, Н. Алимбеков, А. Акматов, Д. Джумабеков, У. Жылкыбаев, А. Омурбекова, С. Джураев, Н. Баяхунов, И. Матраимов, А. Турсунбаев, Т. Масабиров, С. Айдаров, К. Баймуратов, Т. Тиллаев, И. Чудинов, Э. Сурабалдиева, М. Эгембердиев, Б. Сыдыков, Д. Аттокуров, М. Бакиров, Н. Макеев.

Баяндамачы: депутат Сайдулла Канболотович Нышанов.

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (3- окууда).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (№ 443-токтом, 16.08.2016-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурпазылжанович Мурашев.

3.    “Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламенти”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2- окууда).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 21-декабрындагы № 693 токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Абдуллаевич Батыралиев.

4. “Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2- окууда).

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э. Сабиров, М.И. Бакиров, А. Жунус уулу, И.Ш. Өмүркулов, Ж.К. Турускулов, М.Э. Мавлянова.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  Максат Эсенович Сабиров.

5. “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (1- окуу).

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. Бакиров, К.Нурматов, Р. Туманбаев, А.Узакбаев,  О.Артыкбаев.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Исакбекович Бакиров.

6.   “Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (1- окуу).

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Токтошев, Ж.Акаев, А.Сулайманов, Д.Бекешев, О.Бабанов жана М.Сабиров.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эмиль ТоктакуновичТоктошев.

7.      “Агрардык өндүрүштүк-сатуу тутумдарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын жана Кыргыз Республикасы менен Германиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө Макулдашуу долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине кол коюуну жактыруу жана ыйгарым укук берүү жөнүндө”.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Алешович Касымалиев.

8.  “Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органынын аткарып жаткан иштери жөнүндө” (Презентациясы).

Демилгечилер: Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органынын директору Кубатбек Абдираимович Маматкулов.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет