Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын
КҮН ТАРТИБИ
2017-ж. 6-февраль, с.10:00
Жогорку Кеңештин Күн чыгыш залы (1-этаж)
1. "Кыргыз Республикасында 2017-жылдын жазгы-талаа жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу”.
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Дюшекеевич Абулгазиев жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурпазылжанович Мурашев.
2. «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (3-окуу).
Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жунус уулу Алтынбек, М. Бакиров.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Исакбекович Бакиров.
3. “Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (3- окууда).
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 7-июнундагы №305 токтому).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Расул Саткынович Артыкбаев.
4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлору (3-окууда).
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 16-августундагы № 443-токтому).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурпазылжанович Мурашев.
5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына Т.Ш.Кулдаевди жана М.Т.Муталиеваны сунуштоо жөнүндө»
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет