Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-ж. 23-январь, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

20-01-2017
15:23

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү

боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

2017-ж. 23-январь                                                                               

с. 10:00.                                                                                             

Жогорку Кенештин Күн чыгыш залы (1-этаж)                                                                                                

 

1. «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окуу).

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С. Нышанов, Жунус уулу А., А. Баатырбеков, И. Кадыркулов, А. Жапаров, А. Арапбаев, Н. Алимбеков, А. Акматов, Д. Джумабеков, У. Жылкыбаев, А. Омурбекова, С. Джураев, Н. Баяхунов, И. Матраимов, А. Турсунбаев,  Т. Масабиров, С. Айдаров, К. Баймуратов, Т. Тиллаев, И. Чудинов, Э. Сурабалдиева, М. Эгембердиев, Б. Сыдыков, Д. Аттокуров, М. Бакиров, Н. Макеев.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сайдулла Канболотович Нышанов.

 

2. «Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окуунун режиминде).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 27-октябрындагы №756 – токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Түлөндиевич Ахметов.

 

3. «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламенти»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 21-декабрындагы № 693-токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Абдуллаевич Батыралиев.

 

4. «Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 15-ноябрындагы №580-токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абышевич Абдиев.

 

5. «Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 23-декабрындагы № 699-токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Расул Саткынович Артыкбаев.

 

6. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө («Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. Бакиров, А. Акматов, Н. Каримов.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Исакбекович Бакиров.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети