Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын
КҮН ТАРТИБИ
2016-ж. 16-январь, с.10:00
Жогорку Кеңештин Күн чыгыш залы
1. "Кыргыз Республикасында 2017-жылдын жазгы-талаа жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу”.
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Дюшекеевич Абулгазиев жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурпазылжанович Мурашев.
2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууда).
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 16-августундагы №443-токтому).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурпазылжанович Мурашев.
3. “Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууда).
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 7-июнундагы № 305 токтому)
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Расул Саткынович Артыкбаев.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет