Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын
КҮН ТАРТИБИ
2017-ж. 09-январь Жогорку Кеңештин
с.10:00 Күн чыгыш залы
(1-этаж)
1. “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (3-окууда).
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (№ 556-токтом, 14.10.2016-ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Касымкулов Мирбек Абдыкаимович.
2. “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (3- окууда).
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (№ 545-токтом, 13.10.2016-ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурпазылжанович Мурашев .
3. “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2-окууда).
Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жунус уулу Алтынбек, М. Бакиров.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Исакбекович Бакиров.
4. “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2-окууда).
Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. Бакиров, А. Акматов, С. Нышанов.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. Бакиров.
5. “2016-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (1- окууда).
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (№ 678-токтом, 15.12.2016-ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурпазылжанович Мурашев
6. “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (1-окууда).
Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Р. Туманбаева, А. Турсунбаев, М. Айнакулов, З. Жамалдинов.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рада Мураталыевна Туманбаева
7. “Жаныбарларды идентификациялоо үчүн малдардын кулагына тагылуучу биркаларды сатып алуу боюнча конкурс (тендер) тууралуу” “Санта Трейд” ЖЧКнын кайрылуусу жөнүндө”.
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жапаров.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жапаров жана “Санта Трейд” ЖЧКнын башкы директору Э.Алибаев.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына Т.Т.Капаровду сунуштоо жөнүндө.
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Назаров.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Назаров.
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына О.А.Чотобаевди сунуштоо жөнүндө.
Демилгечи: Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Назаров.
10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына М.Насировду сунуштоо жөнүндө.
Демилгечи: Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Назаров.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет