Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-ж. 19-декабрь, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

16-12-2016
11:03

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

2016-ж. 19-декабрь                                                                   Жогорку Кеңештин

с.10:00                                                                                            Күн чыгыш залы 

                                                                                                             (1-этаж)

 

1.  “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (3-окууда).

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. Бакиров, А. Акматов, С. Нышанов.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Мирлан Исакбекович.

 

2.  «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2-окууда).

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жунус уулу Алтынбек, М. Бакиров.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Мирлан Исакбекович.

 

3.  “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2- окууда).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (№556-токтом, 14.10.2016-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Касымкулов Мирбек Абдыкаимович.

 

4. «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2- окууда).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (№545-токтом, 13.10.2016-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

 

5. “Жерди пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2 - окууда).

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э. Сабиров, М.И. Бакиров, А. Жунус уулу, И.Ш. Өмүркулов, Ж.К. Турускулов, М.Э. Мавлянова

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Максат Эсенович.

 

6.  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (1- окууда).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 21-ноябрындагы №602-токтому)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри Кожошев Арзыбек Орозбекович.

 

7.  «Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (1- окууда).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 15-ноябрындагы №580 токтому)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мамбетов Турдубек Мамбетович.

 

8.  «Бишкек шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (1- окууда).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 29-ноябрындагы №634 токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мамбетов Турдубек Мамбетович.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет