Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын
КҮН ТАРТИБИ
2016-ж. 28-ноябрь Жогорку Кеңештин
с.10:00 Күн чыгыш залы
(1-этаж)
1. “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (3-окууда).
Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.О.Узакбаев, М.И.Бакиров, Т.З.Зулпукаров, К.С.Бокоев.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абылкайыр Осмонбекович Узакбаев.
2. «Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2-окууда).
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2015-жылдын 27-октябрындагы №756 – токтому).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Түлөндиевич Ахметов.
3. «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2-окууда).
Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жунус уулу Алтынбек, М. Бакиров.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. Бакиров.
4. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору”.
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурпазылжанович Мурашев.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет