Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-ж. 19-июль, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

14-07-2021
12:01

Долбоор

 

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

 

2021-ж. 19-июль                                                                     Жогорку Кенештин

      с. 10:00.                                                                                              Күн чыгыш залы

                                                                                                                (1-этаж)

 

 

1. Бишкек шаарында 2021-жылдын 13-апрелиндеги кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы, 2019-жылдын 13-сентябрындагы “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууга №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору .

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

Баяндамачылар: Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышович Сатышов жана Кербен шаарынын мэри  Нарматалы Мамбеталиевич    Эсеналиев.

2. Бишкек шаарында 2021-жылдын 3-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарындагы ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2021-жылдын

 3-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарындагы ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети.

Баяндамачылар: Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышович Сатышов жана Ноокат шаарынын мэри  Жоомарт Амадалиевич Нурдинов.   

3. Бишкек шаарында 2021-жылдын 9-апрелиндеги кол коюлган 2019-жылдын 8-августундагы Кыргыз Республикасы менен эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (“CASA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Экономика жана финансы министри Акылбек Усенбекович Жапаров.

4. “Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына талапкерди көрсөтүү тууралуу”

Демилгечи: Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  Н.Алимбеков 

 

Агрардык саясат, суу ресурстары,

экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети