Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-ж. 23-март, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

15-03-2021
11:24

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

2021-ж. 23-март, с. 10:00

Жогорку Кенештин Күн чыгыш залы (1-этаж)

 

1. «Жаныбарларды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2-окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2019-жылдын 30-декабрындагы № 720-токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Айдарали Зикирович Сарыков.

 

2. «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы бак-дарактарды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (1-окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айсулуу Турусбековна Мамашова.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айсулуу Турусбековна Мамашова.

 

3. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантына карата берилген Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Сапарбекович Жаныбеков.

 

4. «Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо» долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоору жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо» долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашуунун долбоору жактыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору жөнүндө».

Демилгечи:  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Абдралиева Гүлмира Курманбековна.

 

5. «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы «Суу коопсуздугу жана суунун сапаты боюнча» долбоорду даярдоого грант жөнүндө макулдашуу-каттын долбоорун жактыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору жөнүндө».

Демилгечи:  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Сапарбекович Жаныбеков.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ардак грамотасына талапкерди көрсөтүү тууралуу.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рада Мураталыевна Туманбаева.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет