Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-ж. 15-февраль, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

11-02-2021
14:12

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

2021-ж. 15-февраль, с. 10:00

Жогорку Кенештин Күн чыгыш залы (1-этаж)

 

1. «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (3-окуу).

Демилгечи:  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2020-жылдын 9-сентябрындагы  №474-токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович.

 

2. Кыргыз Республикасында 2021-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмотунун маалыматы туралуу.  

Демилгечи:  Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович.

 

3. «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору (COVID-19 чара көрүү боюнча) айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы  Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын долбоорун жактыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору жөнүндө”.

Демилгечи:  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары Байгончоков Мирланбек Конушбекович.

 

4. “Кыргыз Республикасынын азык-түлук коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу.

Демилгечи:  Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет