Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-ж. 8-февраль, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

05-02-2021
11:12

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

2021-ж. 8-февраль, с. 10:00

Жогорку Кенештин Күн чыгыш залы (1-этаж)

 

1. «Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (3-окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2020-жылдын 18-февралындагы № 92-токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кутманова Динара Асеиновна.

 

2. “Үрөөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (3-окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2020-жылдын 13-ноябрындагы №553-токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович.

 

3. «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2-окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2020-жылдын 9-сентябрындагы № 474-токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович.

 

4. “Бишкек шаарындагы 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реконструкциялоо” Кредиттик макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” №1 Кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын буйругунун долбоору жөнүндө.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Таштаналиев Көкүмбек Жумагулович.

 

5. «2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун жактыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2021-жылдын 20-январындагы №9 токтому тууралуу.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Салиев Бахтияр Усманович.

 

6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантына карата берилген Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович.

 

7. “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды индентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматы тууралуу.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Сарыков Айдарали Зикирович.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет