Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын
КҮН ТАРТИБИ
2021-ж. 25-январь, с. 10:00
Жогорку Кенештин Күн чыгыш залы (1-этаж)
1. “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (3-окуу).
Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары М.Бакиров, Н.Алимбеков, А.Жээнбеков, А.Узакбаев, А.Эргешов тарабынан демилгеленген (2020-жылдын 9-мартында № 6-4898/20).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты М.Бакиров.
2. “Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2- окуу).
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2020-жылдын 18-февралындагы №92-токтому).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбанын агенттигинин директору Динара Асиевна Кутманова.
3. “Үрөөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2-окуу).
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2020-жылдын 13-ноябрындагы №553-токтому).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Токтогазиев Тилек Мурсалиевич.
4. “Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №3477-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө.
Демилгечи: Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Сабиров Равшанбек Азатович.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет