2020-ж. 18-май, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

14-05-2020 12:29

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

2020-ж. 18-май, с. 10:00

Жогорку Кенештин Күн чыгыш залы (1-этаж)

 

1. “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (1-окуу).

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А. М. Нурбаев, А. Ш. Жээнбеков, Т. З. Зулпукаров, К. К. Керезбеков, Ж. К. Акаев.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдывахап Мамадрасулович Нурбаев.

 

2. “Биоотун жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору  (2- окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2018-жылдын 28-сентябрындагы №449-токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Урайымович Чодуев.

 

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (3-окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2019-жылдын 7-августундагы  №406-токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Урайымович Чодуев.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет

Көрүүлөрдүн саны : 257