2020-ж. 24-февраль, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

19-02-2020 10:48

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

2020-ж. 24-февраль, с. 10:00

Жогорку Кенештин Күн чыгыш залы (1-этаж)

 

1. “Биоотун жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2- окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2018-жылдын 28-сентябрындагы № 449-токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак- аш өнөр жай жана мелиорация министри Чодуев Эркинбек Урайымович.

 

2. “2015-жылдын 4-июлундагы № 143 «2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Бишкек шаарынын мэриясы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан Инвестициялык грант берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Бишкек шаарынын мэриясы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасы, "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоору үчүн Европа бирлигинин Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун ("EUIFCA") инвестициялык грантына карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» жана “2017-жылдын 24-майындагы №86 “2016-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы, "Ош Тазалык" адистештирилген муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу”.

Демилгечи: Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри Жээнбаева Бактыгуль Жаныбековна;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык мамлекеттик агенттигннин директору Кокочаров Урматбек Курманбекович;

Бишкек шаарынын мэри Суракматов Азиз Эмильбекович;

Ош шаарынын мэри Сарыбашов Таалайбек Насирбекович.

 

3.  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылга карата иш-планы жана тармактык артыкчылыктуу багыттары жөнүндө” маалыматы тууралуу.

Демилгечи: Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Салиев Бахтияр Усманович.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет

Көрүүлөрдүн саны : 280