2020-ж. 17-февраль, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

13-02-2020 14:52

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

2020-ж. 17-февраль, с. 10:00

Жогорку Кенештин Күн чыгыш залы (1-этаж)

 

1. «Жаныбарларды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (1-окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү (2019-жылдын 30-декабрындагы № 720-токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Туратбекович Жумаканов.

 

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын 2020-жылга карата кабыл алынган иш-пландары, тармактык артыкчылыктуу багыттары жөнүндө".

Демилгечи: Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Туратбекович Жумаканов.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет

Көрүүлөрдүн саны : 298