2020-ж. 3-февраль, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

30-01-2020 16:28

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

2020-ж. 3-февраль, с. 10:00

Жогорку Кенештин Күн чыгыш залы (1-этаж)

 

1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Үрөн жөнүндө», «Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө», «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (3-окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2019-жылдын 30-июлундагы № 380-токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министринин орун басары Керималиев Жаныбек Калканович.

 

2. “Кыргыз Республикасында грек жаӊгагын культивациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (1-окуу).

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И. Бакиров, Д.А. Джумабеков, Б.Э. Торобаев, А.Ш. Жээнбеков, А.О. Узакбаев, Р.М. Туманбаева, А.М. Эргешов, Т.А. Масабиров, А. Алтынбеков жана Жунус уулу А.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Исакбекович Бакиров.

 

3. Калктуу конуштарда агынды сууларды тазалоочу курулмаларды жакшыртуу үчүн жаңы технологияларды колдонуу жөнүндө маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Мирлан Исакбекович.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Мирлан Исакбекович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына көрсөтүү тууралуу.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Алмазбек Жумабекович Акматов.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет

Көрүүлөрдүн саны : 312