2020-ж. 27-январь, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

22-01-2020 16:47

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

2020-ж. 27-январь, с.10:00

Жогорку Кенештин Күн чыгыш залы (1-этаж)

 

1. «Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна Руанда Республикасынын Кигали шаарында 2016-жылдын 14-октябрында кабыл алынган  түзөтүүсүн ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (1-окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнү (2019-жылдын 04-декабрындагы №660- токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Аманкулов Мирслав Акалович.

 

2. “Айлана-чөйрөнү жана атмосфералык абаны булгоону кыскартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Байбакпаев Экмат Джурукпаевич.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Байбакпаев Экмат Джурукпаевич.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2019-жылдын 23-майындагы П№347-VI-протоколдук тапшырмасынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Чолпонбаев Космосбек Сариевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Осмоналиев Акылбек Шарипович.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет

Көрүүлөрдүн саны : 351