2019-ж. 23-декабрь, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

19-12-2019 11:34

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

2019-ж. 23-декабрь, с. 10:00

Жогорку Кеңештин Күн чыгыш залы (1-этаж)

 

1. «Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (3-окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнү (2019-жылдын 26-августундагы № 425-токтому).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Аманкулов Мирслав Акалович.

 

2. «Кыргыз Республикасы жана Ислам өнүктүрүү банкы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат айыл-чарбасын өнүктүрүү» долбоорун каржылоо боюнча кредиттик келишимди жактыруу» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору  Кокумбек Жумагулович Таштаналиев.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы «Жайыт ресурстарын башкаруунун туруктуулугу» долбоорун каржылоо боюнча 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Чодуев Эркинбек Урайымович.

 

4. 15-март «Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү» деп жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Алтыбаева.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтыбаева Айнуру Тойчиевна.

 

5. 2019-жылдын 25-сентябрындагы П№ 365-VI протоколдук тапшырманын аткарылышынын жүрүшү тууралуу.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин төрагасынын орун басары Бакиров Мирлан Исакбекович.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин төрагасынын орун басары Бакиров Мирлан Исакбекович жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Аманкулов Мирслав Акалович.

 

6. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн Адал продукциясын АDAL.KG автоматташтырылган системасы боюнча маркировкалоо жана идентификациялоо жөнүндө бейөкмөт соттук-эксперттик уюм «Экспертно-консультативный центр» ЖЧК сынын кайрылуусу тууралуу.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын    Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Э.Т. Алишеров, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директору Б.А. Аданбаев, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Токтомушев Максатбек Ажы , “Экспертно-консультативный центр” ЖЧКсынын директору Т.М. Бекбулатова.

 

7. Ар кандай маселелер.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет

Көрүүлөрдүн саны : 477