ЖАРЫЯ
2016-жылдын 7-октябрында саат 14.00 Жогорку Кенештин Чыгыш залында (1-кабат) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 27-октябрындагы №756 – токтому) «Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Парламенттик угуу өткөрөт.
(Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети