Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышынын КҮН ТАРТИБИ 2016-жылдын 4-октябры,

30-09-2016
09:54

Долбоор

 

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш,

сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти

боюнча комитеттин жыйналышынын

КҮН ТАРТИБИ

2016-жылдын 4-октябры,

саат: 10-00

Чыгыш залы (1-кабат)

 

         1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө» Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 418-VI токтомун аткаруу мөөнөтүн узартуу тууралуу

Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Панкратов Олег Михайлович

 

         2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы №2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү - Искандаров Курбанбай Алибаевич

 

3. «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору тууралуу (үчүнчү окууда кароо)

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (31.05.2016-ж., №283 токтому)

Баяндамачылар – Комитеттин төрагасы Кодуранова Асель Союзбековна

Юстиция министрлигинин статс-катчысынын м.а. Таштанов Нуржан Анарбаевич

 

4. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу

Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич

5. Кыргыз Республикасында дачалык жер участкаларда туруктуу жашаган адамдардын жана жарандардын укуктарын камсыз кылууга багытталган иш-чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу (14.01.2016-жылдагы П №12-VI Жогорку Кенештин Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу)

Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич

6. «Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (биринчи окууда кароо)

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому №248 13.05.16 ж.

Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын финансы министри Касымалиев Адылбек Алешевич

 

7. «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдын долбоору (биринчи окууда кароо)

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому №457 24.08.16 ж.

Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын финансы министри Касымалиев Адылбек Алешевич

 

8. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору тууралуу (биринчи окууда кароо)

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары А.Жапаров, Д.Бекешев

Баяндамачы – Жогорку Кеңештин депутаты Бекешев Дастан Далабайевич