Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби
Өткөрүү орду жана убактысы: 2016-жылдын 04-октябрында, 14 саат 00 мин.
«ЖК Чыгыш залы»
Ар кандай маселе: Бишкек-Кара-Балта автомобиль жолун реконструкциялоого 2015- жылдын 15-декабрында жарыяланган тендер боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин маалыматы.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри З.Айдаров
1.Кыргыз Республикасынын “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын долбоору (6-17608/16 , 27.06.2016 ж.). биринчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Токтому № 330 , 12.06.2016 ж.)
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Садыков Б. А.
2. Кыргыз Республикасынын “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын долбоору (6-17416/16 , 24.06.16 ж.) биринчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Токтому № 331, 12.06.2016 ж.)
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Садыков Б. А.
3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга Республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын долбоору (6-20646/16 , 25.08.2016 ж.). биринчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Токтому № 457, 24.08.2016 ж.)
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер министри Ж. Разаков.
Комитеттин төрагасы Ж. Бакчиев