Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынынын №130 КҮН ТАРТИБИ

16-05-2019 16:24

Күнү:2019 ж. 21-майы

Убактысы: саат 10:00

Орду: КРнын Жогорку Кеӊеши, « Чоң сүйрү зал» 7 кабат

 

Аталышы

Демилгечи

Баяндамачы

1.

         

           «2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө»

 

       биринчи  окууга

          

КР Өкмөтү

(31.12.2019-ж.

№ 668 Токтому)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору

Рустамов

Абдыкалык Алибекович

 

2.

 

 

          «2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө  макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоору

 

            биринчи окууга

 

КР Өкмөтү

(23.04.2019-ж.

№ 190 Токтому)

 

КР Экономика министри

 Панкратов

 Олег

Михайлович

 

 

3.

          

           “Баажы алымдардын (эквиваленттүү күчкө ээ болгон башка алымдардын,салыктардын жана жыйымдардын)суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү,аларды Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешесине которуп берүү тартибин сактоо боюнча биргелешкен контролдук иш чараларды өткөрүү жөнүндө” Макулдашуу долбоору

 

            макулдашууга

 

КР Каржы

министрилиги

КР Каржы министринин орун басары

Азимов

Алмаз

Курбаналиевич

4.

 

            2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору   (Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү жаатында)

     макулдашууга

КР Өнөр жай,энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик Комитети

КР Өнөр жай,энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик Комитетинин төрагасы

Осмонбетов Эмиль

Кубатович

5.

               Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыгулова Канайым Джумадиловна, Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызмат ордуна даярдоо тууралуу

КР Тышкы иштер министрлиги

КР Тышкы иштер министринин орун басары

Мадмаров

Азизбек

Маматович

6.

Ар кандай

 

 

Эл аралык иштер,

коргоо жана коопсуздук

боюнча комитеттин

Төрагасы                                                                                                              И.Пирматов         

 

Көрүүлөрдүн саны : 454