Долбоор
2023-жылдын 6-июну
саат 10:00
Чыгыш залы (1-кабат)
1. “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окууда кароо)
Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти (кир №6-7625/23, 30.05.2023-ж.)
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович
2. “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окууда кароо)
Демилгечилер – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ч.Ажибаев, Ж.Нурбаев, Ы.Атажанов, Н.Ражабалиев, И.Матраимов, М.Темирбаева, К.Талиева, М.Алиев, О.Бакиров, А.Козуев, С.Айжигитов (кир.№6-1525/23, 02.02.2023-ж.)
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ажибаев Чыңгыз Ильяскожоевич
3. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окууда кароо)
Демилгечилер – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.Ш.Токторбаев, М.К.Алиев, К.К.Сулайманов, Ы.Ы.Атажанов, Ф.Д. Исмаилов (кир.№6-2449/23, 16.02.2023-ж.)
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токторбаев Женишбек Шермаматович
4. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окууда кароо)
Демилгечилер – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.Ш.Токторбаев, М.К.Алиев, К.К.Сулайманов, Ы.Ы.Атажанов, Ф.Д.Исмаилов (кир.№6-2589/23, 17.02.2023-ж.)
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токторбаев Женишбек Шермаматович
5. “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору жөнүндө (биринчи окууда кароо)
Демилгечилер – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.Ш.Токторбаев, А.А.Козуев (кир.№ 6-5094/23, 11.04.2023-ж.)
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токторбаев Женишбек Шермаматович
6. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый-акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окууда кароо)
Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (кир.№6-4062/23, 16.03.2023-ж.)
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович
7. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө (кир. №6-6790/23, 15.05.2023-ж.)
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович
8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын түзүмүнө шайлоо үчүн сунушталган талапкерлер жөнүндө
Баяндамачылар:
- “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчиси Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич, “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Сыдыков Бактыбек Усенович;
- “Элдик” депутаттык тобунун жетекчиси Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич.
9. Ар кандай маселелер