Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин 2023-жылдын 30-майындагы жыйналышынын күн тартиби

26-05-2023
15:40

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйналышынын

Күн тартиби

 

2023-жылдын 30-майы

саат 10:00

Чыгыш залы (1-кабат)

 

1. “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө (экинчи окууда кароо)

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти (кир.№ 6-7731/22, 22.04.2022-ж.)

Баяндамачы – Комитеттин төрагасы Султанбекова Чолпон Аалыевна

 

2. “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (экинчи окууда кароо)

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (кир.№ 6-17507/22, 09.09.2022-ж.)

Баяндамачы – Комитеттин төрагасы Султанбекова Чолпон Аалыевна

 

3. “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын коституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоору тууралуу (биринчи окууда кароо)

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти (кир. 6-7252/23, 23.05.2023-ж.)

         Баяндамачылар – Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович;

         – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Аширходжаев Эркебек Джумабекович;

         – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Разаев Абдыкадыр Маматюсупович

 

4. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окууда кароо)

Демилгечи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (кир.№6-6455/23, 04.05.2023-ж.)

Баяндамачылар – Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Зарылбек уулу Алмазбек;

– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Аширходжаев Эркебек Джумабекович

 

5. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окууда кароо)

Демилгечи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (кир.№6-6613/23, 11.05.2023-ж.)

         Баяндамачылар – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Мамадалиев Тилек Абдыганыевич;

          – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Муканов Азамат Кенешевич

 

6. “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окууда кароо)

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (кир. № 6-4615/23, 31.03.2023-ж.)

Баяндамачы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Карыпбеков Улан Кадырсултанович

 

7. “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө “Король Абдулазиз” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окууда кароо)

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (кир. №6-5790/23, 20.04.2023-ж.)

Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Карыпбеков Улан Кадырсултанович

 

8. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Бакасов) Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө (кир. №6-6790/23, 15.05.2023-ж.)

Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович

 

9. Ар кандай маселелер