Долбоор
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышынын
КҮН ТАРТИБИ
2023-жыл 18-апрель
саат 11:00
Чыгыш залы (1-кабат)
1. "2022-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) баяндамасы жөнүндө
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) - А. Абдрахматова
2. 2022-жыл үчүн Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасы жөнүндө
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Улуттук борбордун директору - Б. Рысбеков
3. “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө (биринчи окууда кароо)
Демилгечи - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (6-4870/23, 05.04.2023-ж.)
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - У. Календеров
4. “Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (биринчи окууда кароо)
Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (№ 6-4129/23, 17.03.2023-ж.)
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Р. Абазбек уулу