Долбоор
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш,
сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти
боюнча комитеттин жыйналышынын
КҮН ТАРТИБИ
2016-жылдын 18-октябры,
саат: 10-00
Чыгыш залы (1-кабат)
1. «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууда кароо)
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары
Баяндамачы – Комитеттин төрайымы Кодуранова Асель Союзбековна
2. «Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Мыйзамынын долбоору (биринчи окууда кароо) жана 2016-жылдын январь-август мезгили үчүн республикалык бюджеттин аткарылышынын алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалымат
Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому №248 13.05.16 ж.
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын финансы министри Касымалиев Адылбек Алешевич
3. «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамынын долбоору (биринчи окууда кароо)
Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому №457 24.08.16 ж.
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын финансы министри Касымалиев Адылбек Алешевич
4. «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамынын долбоору (биринчи окууда кароо)
Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому №517 30.09.16 ж.
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын финансы министри Касымалиев Адылбек Алешевич
5. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам долбоорлору (биринчи окууда кароо)
Демилгечилер – Жогорку Кенештин депутаттары А.Шыкмаматов, И.Масалиев, А.Кодуранова, М.Сабиров, Т.Шайназаров, И.Пирматов, Д.Аттокуров
Баяндамачы – Жогорку Кеңештин депутаты А.Н.Шыкмаматов