Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышынын КҮН ТАРТИБИ 2019 ж. 28 майы

24-05-2019 14:02

Долбоор

 

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш,

сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти

боюнча комитеттин жыйналышынын

КҮН ТАРТИБИ

 

2019-жылдын 28-майы

саат: 10-00

Чыгыш залы (1-кабат)

 

1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна дайындоого жактыруу үчүн Догоев Дастан Давлетовичке Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунуштамасы жөнүндө

Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министр Боронов Кубатбек Айылчиевич

 

2. «Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору тууралуу (биринчи окууда кароо)

Демилгечилер – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Н. Шыкмаматов, К.К. Иманалиев,  Э.Т. Токтошев, Самат Гульнара-Клара,  И.Т. Гайпкулов

Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шыкмаматов Алмамбет Насырканович

 

3. «2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) баяндамасы жөнүндө

Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Мамытов Токтокучук Болотбекович

 

4. 2018-жыл үчүн Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борборунун директорунун баяндамасы жөнүндө

Баяндамачы – Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борборунун директору Сулайманов Нурдин Эсенович

 

5. «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарынын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (экинчи окууда кароо)

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому № 667, 13.10.2017 ж.)

Баяндамачы – Комитеттин төрагасы Керезбеков Канат Керезбекович

 

6. «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору тууралуу (экинчи окууда кароо)

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому № 637, 26.12.2018 ж.)

Баяндамачы – Комитеттин төрагасы Керезбеков Канат Керезбекович

 

7. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу (экинчи окууда кароо)

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бокоев Кенжебек Сатымкулович

Баяндамачы – Комитеттин төрагасы Керезбеков Канат Керезбекович

 

8. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу («Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын борбор шаарынын статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)  (экинчи окууда кароо)

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бокоев Кенжебек Сатымкулович

Баяндамачы – Комитеттин төрагасы Керезбеков Канат Керезбекович

 

9. «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору тууралуу (биринчи окууда кароо)

Демилгечилер – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К. Асылбаева, Б.С. Турусбеков, П.Р. Тулендыбаев,              И.И. Матраимов

Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбаева Гулшат Кадыровна

 

10.  «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун ишинин жыйынтыктары боюнча маалыматты угуу

Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтыбаева Айнуру Тойчиевна

 

11. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору тууралуу (биринчи окууда кароо)

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бокоев Кенжебек Сатымкулович

Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бокоев Кенжебек Сатымкулович

Көрүүлөрдүн саны : 778