Долбоор
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш,
сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти
боюнча комитеттин жыйналышынын
КҮН ТАРТИБИ
2016-жылдын 20-сентябры,
саат: 10-00
Чыгыш залы (1-кабат)
1. «Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору тууралуу (экинчи окууда кароо).
Демилгечи – КР Өкмөтү (26.05.2016-ж., №274 токтому)
Баяндамачылар – Комитеттин төрагасы Кодуранова Асель Союзбековна
– Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович
2. «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору тууралуу (экинчи окууда кароо)
Демилгечи – Жогорку Кенештин депутаттары Б.Төрөбаев, Ө.Текебаев, Т.Шайназаров, А.Шыкмаматов
Баяндамачы – Комитеттин төрагасы Кодуранова Асель Союзбековна
3. «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору тууралуу (биринчи окууда кароо).
Демилгечи – КР Өкмөтү (17.06.2016-ж., №331 токтому)
Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Садыков Болот Алымкулович
4. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору тууралуу (экинчи окууда кароо)
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Г.Скрипкина, Ч.Султанбекова, А.Шыкмаматов, Ч.Джакупова, И.Масалиев, К.Зулушев, Т.Исакунова
Баяндамачы – Комитеттин төрагасы Кодуранова Асель Союзбековна
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору тууралуу (экинчи окууда кароо)
Демилгечи – Жогорку Кенештин депутаттары А.Салянова, Н.Никитенко, А.Мамашева
Баяндамачы – Комитеттин төрагасы Кодуранова Асель Союзбековна
6. Ар кандай маселелер:
- «КСДП» парламенттик фракциясынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Эгембердиевди бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамына киргизүү тууралуу жана «КСДП» парламенттик фракциясынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Каримовду агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин курамынан чыгарып бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамына киргизүү тууралуу
Баяндамачы – «КСДП» парламенттик фракциясынын лидери Омуркулов Иса Шейшенкулович
- М.Кебекчиеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы менен сыйлоо тууралуу сунуш
Баяндамачы – Комитеттин төрагасы Кодуранова Асель Союзбековна