Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

​​​​​​​2022-жылдын 7 - декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору

09-12-2022
14:34

2022-жылдын 7 - декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.08.22деги кир. № 6-16542/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган)

 

2. “2022-жылдын 31-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 21.06.22деги кир. № 6-13227/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган)

 

3. “2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Активдүү антициклдик чыгымдар аркылуу туруктуулукту жогорулатуу программасы) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (атайын операциялар) (Активдүү антициклдик чыгымдар аркылуу туруктуулукту жогорулатуу программасы) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 14.11.22деги кир. № 6-22580/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган)

 

4. “Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 18.07.2022деги кир. № 6-15622/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет)

 

5. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.08.2022деги кир.№ 6-16889/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет)

 

6. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

 

7. “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.05.22деги кир. № 6-8867/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

 

8. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 14.07.22деги, кир. № 6-15502/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет

 

9. “Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.22деги кир. № 6-16753/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

 

10. “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 22.09.22деги кир. № 6-18682/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

 

11. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 04.10.21деги кир. № 6-13735/21) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

 

12. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 22.07.22деги кир.№ 6-15909/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

 

13. “2021-жылдын 30-декабрында Москва шаарында кол коюлган,2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык арналыштагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.10.22деги кир. № 6-21383/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет)

 

14. “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 26.10.22деги кир. № 6-21524/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

 

15. “2022-жылдын 1-апрелинде Ош шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбекстан Республикасы тарабынан Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын имаратын реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иш жүргүзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 26.10.22деги кир. № 6-21539/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

 

16. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссиясы тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)