2022-жылдын 23-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору
2022-жылдын 23-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:
1. “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 19.05.22деги кир № 6-9627/22) (Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет караган)
2. “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы 14.06.22деги кир. № 6-12343/22) (Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет караган)
3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” Мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Култаева Г.О., Нарматова Н.А., Саккараев М.Дж., Кыдыкбаев Ж.С., Сулайманов Э.Н., Сыдыков Б.У., Шакиев Н.Т., Исмаилов Ф.Д., Абдалиев М.А., Толонов Д.Э., Жакышов Р.Ш., Исираилов А.А., Маматалиев М.А., Боронбаев А.Ж., Жамгырчиев Э.Э., Ажибаев Ч.И., Шабазов Б.В., Мамасадыков З.Д., Козуев А.А., 27.05.22деги кир. № 6-10487/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет караган)
4. “Органикалык өндүрүш жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 04.07.22деги кир. № 6-14754/22) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет караган)
5. “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.08.22деги кир. № 6-16887/22) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган)
6. “Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 13.07.22деги кир. № 6-15408/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган)
7. “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 11.05.22деги кир. № 6-8706/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган)
8. “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.08.22деги кир. № 6-16542/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган)
9. “2022-жылдын 31-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 21.06.22деги кир. № 6-13227/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган)
10. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган)