2016-жылдын 17-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:
2016-жылдын 17-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:
1. “Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (Жазык-процесстик кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Алтыбаева А.Т., Жеенчороев М.К., Кыдыралиев У.Т., Жумабеков Д.А., Исакунова Т.Б., Бакиров М.И., Жунус уулу Алтынбек, Акматов А.Ж., Шыкмаматов А.Н. жана Бабанов Ө.Т., Казакбаев Р.А., Жеенчороев М.К., Өмүрбекова А.С., Сабиров М.Э., Сыдыков Б.Ү., Алтынбеков А., Тиллаев Т.Г., Райымкулов Б.К., Нишанов Н.Н., Жамангулов А.Ж.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)
2. “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин жана “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жылкыбаев У.К., Кодуранова А.С., Бакчиев Ж.А., Шадиев А.А., Сабиров М.Э., Алимбеков Н.К., Шыкмаматов А.Н.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)
3. “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин жана “Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жылкыбаев У.К., Кодуранова А.С., Бакчиев Ж.А., Шадиев А.А., Сабиров М.Э., Алимбеков Н.К., Шыкмаматов А.Н.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)
4. “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.05.16дагы № 248 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)
5. “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.09.16дагы № 517 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)
6. “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018 - 2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 24.08.16дагы № 457 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)