“Тышкы миграция жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2016-жылдын 14-ноябрынан тартып коомдук талкууга коюлат

14-11-2016 17:21

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты Ө.Бабанов

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-87-39

nurlanakbaev1@gmail.com

Каттоо  № 6-26836/16      10.11.2016

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

Долбоор

 

 

“Тышкы миграция жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

1-берене.

“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-берененин 2-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

“Аларга карата жөнөкөйлөтүлгөн виза режими колдонулган чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасында болгон учурда, эгерде алардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса, инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди каттоодон бошотулат.”.

2) 8-берене:

а) 2-бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:

4) “улуттук коопсуздук, экономикалык өнүгүү кызыкчылыктарын, эл аралык саясий кырдаалдын абалын жана башка факторлорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тийиштүү тизмелерде каралган чет мамлекеттин жараны, эгерде алардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса;

5) аларга карата визасыз режим колдонулган чет мамлекеттердин жарандары, эгерде алардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса;”;

б) төмөндөгүдөй мазмундагы 3, 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:

“Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын болуу мөөнөтүн келген жери боюнча каттоосуз өзгөртүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө жана Кыргыз Республикасынан чыгууда ушул берененин 2-бөлүгүнүн 4 же 5-пункттарында белгиленген адамдардын анык документине (бул максаттар үчүн атайын баракчалары бар инсандыгын күбөлөндүргөн документтерге гана) статистикалык эсепти жүргүзүү жана ошол адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу убактысын белгилөө максатында акысыз негизде келген датасын же кетип жаткан датасын көрсөтүү менен штамп басылат.

Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарында белгиленген адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашса, анда алар ушул Мыйзамга ылайык келген жери боюнча каттоодон өтүүгө тийиш.”.

3) 10-берененин 1-бөлүгүндөгү “3” деген цифра “5” деген цифра менен алмаштырылсын;

4) 12-берененин 2-бөлүгүндөгү “пайдаланган” деген сөз “, алардын болуу мөөнөтү 60 күндөн ашкан” деген сөздөр менен, “күчүн узартуу” деген сөздөр “,каттоонун колдонулушун узартуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүөзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                                    А.Атамбаев

 

 

 

 

“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

2016-жылдын 4-ноябрында күчүнө кирген “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2016-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, 24-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган.

Көрсөтүлгөн Мыйзам менен бүгүнкү күндүн чындыгына жооп берген, дүйнөлүк талаптарга, стандарттарга, миграциялык жана визалык саясатка ылайык келген нормалар кабыл алынган.

Ошону менен бирге, миграция саясатынын маселелерин өркүндөтүү, мыйзамсыз миграция чөйрөсүндөгү ар түрдүү укук бузууларга каршы күрөшүү жана алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасына карата достук эмес миграциялык саясатты жүргүзүп жаткан, атап айтканда ошол чет өлкөлүк мамлекеттердин тийиштүү мамлекеттик органдарында милдеттүү каттоодон өтүүнүн өтө кыска мөөнөтүн белгилеп, паспорттук-визалык режимди бузгандыгы үчүн жазыктык жактан артына түшүүгө чейин барган катаал жана бийик финансылык айыптык санкциялар боюнча ошол чет өлкөлүк мамлекеттин мыйзамдарында чагылдырылган нормаларга карата тийиштүү чечимдерди кабыл алуу максатында “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Анда айрым чет өлкөлүк мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында өз ара түшүнүшү принциптеринде жана паритеттик негизде каттоосуз болуу мөөнөтүн кыскартууга багытталган жана андан ары ар бир чет өлкөлүк мамлекет боюнча өзүнчө системага салуу принциптерин киргизүү каралган.

Маселен, 24.10.2016-жылдагы “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Кыргыз Республикасына келишкен чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды келген жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда каттоодон бошотуунун мөөнөтүн көрсөтүү менен чет мамлекеттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле тургандыгы киргизилген. Бул ар бир чет өлкөлүк мамлекеттин өзүнчө Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды каттоодон бошотуунун мөөнөттөрүн бекитүү жолу менен, ошондой эле көрсөтүлгөн областтарда тигил же бул маселени оперативдүү чечүү максатында ушундай юридикалык норманы андан ары жүзөгө ашыруунун механизмин шарттайт, бул тизме тийиштүү ченемдик укуктук актылар менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде бекитилет. ЕАЭБ катышкан мамлекеттердин жарандары үчүн инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди каттоодон бошотуу аталган мыйзамда мындай каттоодон бошотуунун жол-жоболору 90 күнгө чейинки мөөнөттө колдонуу каралган, мындай учурда да өз ара түшүнүшү принциби жана паритеттик негиздеги макулдашуулар колдоно тургандыгына басым жасалган.

Мындай механизм, маселен туристтик сезон учурунда ЕАЭБ катышкан мамлекеттердин жарандары үчүн каттоодон бошотуунун кыйла узак мезгилин белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми жылдын башка мезгилинде мындай мөөнөт өз ара түшүнүшү принцибинде жана паритеттик негизде белгиленилет. Бул учурда ЕАЭБ катышкан тигил же бул мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген ошол чет өлкөлүк мамлекеттин аймагына убактылуу же туруктуу жүрүүгө келген КР жаранын каттоодон бошотууну караган нормалар белгиленет.

Ошону менен бирге “2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктары” боюнча Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясынын 2-бөлүгүндө туризм чөйрөсү жана биздин өлкөнү заманбап талаптарга жооп берген ири, туризмдин жана эс алуунун региондогу борборунун статусуна ээ болуусу Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп санала тургандыгы белгиленген.

Ошондой эле туризм кошумча жумушчу орундарын түзүү менен калктын, атап айтканда жергиликтүү калктын жашоо шартын жогорулатуу боюнча социалдык проблемаларды чечүүдө олуттуу роль ойной тургандыгын белгилөө зарыл. Азыркы учурда туризм экономиканын жанданышынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. ЮНЕСКО туризм тынчтыкты сактоо жана “маданияттар ортосундагы алаканы” киргизүү жолу менен элдерди жакындаштырууга көмөктөшкөн маданий жана гуманитардык өнүгүүнүн башкы факторлорунун бири экендигин тааныган.

Туризм чөйрөсүндөгү ийгиликтин индекатору чет өлкөлүк жарандардын каражаттарынын эсебинен түшкөн кирешелер саналат.

Бирок, өлкөнүн туристтик потенциалы толук өлчөмдө колдонулбай келет. Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун божомолуна ылайык, Кыргызстан туристтик инфратүзүмдүн өнүгүүсүнүн азыркы деңгээлинде жылына 2,5 млн. чет өлкөлүк туристти кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Азыркы учурда, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө чет өлкөлүк туристтерди тартуу максатында келип жаткан жарандардын өлкөдө болуусунун жол-жоболору жеңилдетилип жана жөнөкөйлөштүрүп жатат. Ушундай чаралар чын-чынында ошол өлкөлөргө туристтерди тартуунун жана кызыктыруунун факторлорунун бири болуп саналат.

Ушуга таянуу менен 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандарына жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим колдонулуучу 67 чет өлкөлүк мамлекеттин тизмесин бекиткен жана алардын жарандары инсандыгын күбөлөндүргөн документтерин каттоодон бошотула тургандыгы белгиленген.

Андан ары, чет өлкөлүк туристтерди тартуу максатында Өкмөттүн демилгеси боюнча 2012-жылы “айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режимди киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, буга 45 мамлекет кирген, алардын жарандары “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамга ылайык каттоодон бошотулган.

Маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин 1-тиркемедеги маалыматы берилет.

Биздин өлкөгө келип жаткан чет өлкөлүк туристтердин санынын өсүп жаткан оң динамикасын эске алуу менен бюрократиялык илинчектерден арылтуу саясаты чет өлкөлөрдөн келишкен туристтер үчүн ыңгайлуу болуп жатат деп жыйынтык чыгарууга болот.

Кабыл алынган мыйзам жогоруда аталгандарга терс таасирин тийгизип, экономиканын өсүшүн жана туристтик сектор сыяктуу эле бардык тармакта иш жүзүндө зарыл инфратүзүмдөрдүн өнүгүүсүн басаңдатууга алып келе тургандыгын эске алуу менен “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору иштелип чыккан.

Киргизилип жаткан мыйзам долбоору менен айрым мүчүлүштөрдү четтетүү сунуш кылынат, атап айтканда:

1) “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде “Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режимге” аныктама берилген. Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим – чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде чет өлкөгө баруу паспортторун каттоодон бошотулуу менен жеке кайрылуусу боюнча алган визанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди каттоодон бошотуу менен визасыз келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болгон режим.

Мыйзамда бул тууралуу норманын жоктугуна байланыштуу аталган мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүн төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толуктоо сунуш кылынат.

“Аларга карата жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулган чет мамлекеттин жараны Кыргыз Республикасына келген учурда, эгерде Кыргыз Республикасында болуунун мөөнөтү 60 күндөн ашпаса, инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди каттоодон бошотулат.”.

2) миграция саясаты чөйрөсүндөгү мындай оң натыйжаларга, атап айтканда каттоодон бошотуу боюнча тажрыйбага таянуу менен 8-берененин 2-бөлүгүн 4 жана 5-пункттар менен толуктоо сунуш кылынат, бул жерде инсандыкты күбөлөндүргөн документтерди каттоодон төмөндөгүлөр бошотулат:

- улуттук коопсуздуктун, экономикалык өнүгүүнүн кызыкчылыктарын, эл аралык саясий кырдаалдын абалын жана башка факторлорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тийиштүү тизмеде каралган чет өлкөнүн жарандары, эгерде алардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса;

- аларга карата визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин жарандары, эгерде аларга карата Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса.

3) Ошону менен бирге, статистикалык эсеп жүргүзүүнү киргизүү жана ошол адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун убактысын белгилөө максатында Кыргыз Республикасына киргенде жана чыгып жатканда ушул берененин 2-бөлүгүнүн 4 же 5-пункттарында белгиленген адамдардын анык документтерине (мындай максаттар үчүн атайын бар акчалары бар инсандыгын күбөлөндүргөн документтерге гана) акысыз негизде кирүү датасын же чыгуу датасын көрсөтүү менен штамп басуу тууралуу норма сунуш кылынат.

4) Ушул мыйзамдын 2-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарында белгиленген адамдардын болуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын аймагында 60 күндөн ашкан учурларда ушул Мыйзамга ылайык келген жери боюнча каттоодон өтүүгө тийиш экендиги тууралуу норма да киргизилүүдө.

5) башка мамлекеттер менен өз ара түшүнүшүү принциптерин колдонуу жана паритеттик негиздерди эске алуу менен келген жерине каттоосуз Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу мөөнөтүн өзгөртүү укугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү сунуш кылынууда.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбей тургандыгын билдиребиз.

Мыйзам долбоору белгиленген тартипте коомдук талкуулоо жана сунуш киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын сайтына жайгаштырылган.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдын 19-беренесине ылайык сунуш кылынган мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес, демек регулятивдүү таасир этүүнү талдоого жатпайт.

Ошону менен бирге колдонуудагы улуттук жана эл аралык мыйзамдардын нормаларына жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары боюнча сунуш кылынган мыйзамдын долбоорунун нормалары колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгы аныкталды.

Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын белгилейбиз.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутатты

 

 

 

“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна

салыштырма таблица

 

24.10.2016-жылдагы колдонуудагы редакциясы

Сунуш кылынган редакция

1.

6-статья. Чет элдик жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына киргизүүгө, алардын Кыргыз Республикасында болуусуна, транзиттик өтүүсүнө жана Кыргыз Республикасынан чыгуусуна уруксат

Визасыз режимден пайдаланган чет мамлекеттин жараны жарактуу документтеринин бири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга мүмкүндүк алат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тийиштүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары жөнөкөйлөтүлгөн визалык режимди пайдаланышат. Бул чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде жеке кайрылуусу боюнча алган визанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болот.

 

 

 

Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин экинчи бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде башкалар каралбаса, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө укук берген жарактуу документтердин жана визалардын негизинде Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет.

Электрондук визаны (документтик ырастоону) жол-жоболоштуруу жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасына убактылуу же туруктуу жашоого келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын кириши жана жашап турушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилген визанын, убактылуу же туруктуу жашоо уруксатынын негизинде ишке ашырылат.

Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте келген жери боюнча беш жумушчу күндүн ичинде катталууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасында эмгектенүү үчүн чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке орношууга уруксаты болууга тийиш.

Кыргыз Республикасында турган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар визаны, жашап туруу мүмкүнчүлүгүн жана иштөөгө уруксатты узартууну өтүнө алат.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар визанын, каттоонун мөөнөтү бүткөн, жашап туруу мөөнөтү кыскарган же жашоого уруксаты жокко чыгарылган учурда Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө милдеттүү.

 

6-статья. Чет элдик жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына киргизүүгө, алардын Кыргыз Республикасында болуусуна, транзиттик өтүүсүнө жана Кыргыз Республикасынан чыгуусуна уруксат

Визасыз режимден пайдаланган чет мамлекеттин жараны жарактуу документтеринин бири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга мүмкүндүк алат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тийиштүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары жөнөкөйлөтүлгөн визалык режимди пайдаланышат. Бул чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде жеке кайрылуусу боюнча алган визанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болот. Аларга карата жөнөкөйлөтүлгөн виза режими колдонулган чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасында болгон учурда, эгерде алардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса, инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди каттоодон бошотулат.

Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин экинчи бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде башкалар каралбаса, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө укук берген жарактуу документтердин жана визалардын негизинде Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет.

Электрондук визаны (документтик ырастоону) жол-жоболоштуруу жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасына убактылуу же туруктуу жашоого келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын кириши жана жашап турушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилген визанын, убактылуу же туруктуу жашоо уруксатынын негизинде ишке ашырылат.

Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте келген жери боюнча беш жумушчу күндүн ичинде катталууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасында эмгектенүү үчүн чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке орношууга уруксаты болууга тийиш.

Кыргыз Республикасында турган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар визаны, жашап туруу мүмкүнчүлүгүн жана иштөөгө уруксатты узартууну өтүнө алат.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар визанын, каттоонун мөөнөтү бүткөн, жашап туруу мөөнөтү кыскарган же жашоого уруксаты жокко чыгарылган учурда Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө милдеттүү.

 

2.

8-статья. Чет өлкөлүкжарандарды же жарандыгыжокадамдардыкаттоо

Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды тышкы саясатты ишке ашыруу, калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда келген жери боюнча каттоодон бошотуу мөөнөтүн көрсөтүү менен чет мамлекеттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирип, аны менен келүүнүн башка мөөнөтү жана тартиби белгиленген эл аралык келишим болгон учурда, өз аралык принциптерди жана теңдештик негизди эске алуу менен бул эл аралык келишимдин жоболору колдонулат.

Инсандыгын ырастаган документтерин каттоодон төмөнкүлөр бошотулат:

1) чет өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына келишкен мамлекеттик, парламенттик жана өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрү, бул делегациялардын администрациялык -техникалык кызматчылары, аталып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү;

2) Кыргыз Республикасына белгиленген тартипте келген аскер самолетторунун экипаж мүчөлөрү. Аскер самолетторунун экипаждарынын мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жол жүрүшү келген аскер самолетторун кабыл алуу планына ылайык ишке ашырылат;

4) (КР 2016-жылдын 24-октябрындагы N 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

 

 

5) (КР 2016-жылдын 24-октябрындагы N 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

 

 

 

 

 

3) (КР 2016-жылдын 24-октябрындагы N 171 Мыйзамына ылайык 3-бөлүк  күчүн жоготту)

 

 

 

 

3) (КР 2016-жылдын 24-октябрындагы N 171 Мыйзамына ылайык 4-бөлүк  күчүн жоготту)

 

 

8-статья. Чет өлкөлүкжарандарды же жарандыгыжокадамдардыкаттоо

Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды тышкы саясатты ишке ашыруу, калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда келген жери боюнча каттоодон бошотуу мөөнөтүн көрсөтүү менен чет мамлекеттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирип, аны менен келүүнүн башка мөөнөтү жана тартиби белгиленген эл аралык келишим болгон учурда, өз аралык принциптерди жана теңдештик негизди эске алуу менен бул эл аралык келишимдин жоболору колдонулат.

Инсандыгын ырастаган документтерин каттоодон төмөнкүлөр бошотулат:

1) чет өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына келишкен мамлекеттик, парламенттик жана өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрү, бул делегациялардын администрациялык -техникалык кызматчылары, аталып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү;

2) Кыргыз Республикасына белгиленген тартипте келген аскер самолетторунун экипаж мүчөлөрү. Аскер самолетторунун экипаждарынын мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жол жүрүшү келген аскер самолетторун кабыл алуу планына ылайык ишке ашырылат;

4) улуттук коопсуздук, экономикалык өнүгүү кызыкчылыктарын, эл аралык саясий кырдаалдын абалын жана башка факторлорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тийиштүү тизмелерде каралган чет мамлекеттин жараны, эгерде алардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса;

5) аларга карата визасыз режим колдонулган чет мамлекеттердин жарандары, эгерде алардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса;”;

Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын болуу мөөнөтүн келген жери боюнча каттоосуз өзгөртүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө жана Кыргыз Республикасынан чыгууда ушул берененин 2-бөлүгүнүн 4 же 5-пункттарында белгиленген адамдардын анык документине (бул максаттар үчүн атайын баракчалары бар инсандыгын күбөлөндүргөн документтерге гана) статистикалык эсепти жүргүзүү жана ошол адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу убактысын белгилөө максатында акысыз негизде келген датасын же кетип жаткан датасын көрсөтүү менен штамп басылат.

Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарында белгиленген адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашса, анда алар ушул Мыйзамга ылайык келген жери боюнча каттоодон өтүүгө тийиш.”.

 

3.

10-статья. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо

Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-3-пункттарында жана 9-статьясында көрсөтүлбөгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар иш жүзүндө жашаган жери боюнча катталат. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу жайгаштыруу боюнча өз кызматтарын көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар аларды ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоого милдеттүү.

10-статья. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо

Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-5-пункттарында жана 9-статьясында көрсөтүлбөгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар иш жүзүндө жашаган жери боюнча катталат. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу жайгаштыруу боюнча өз кызматтарын көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар аларды ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоого милдеттүү.

4.

12-статья. Каттоо мөөнөтүн узартуу

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын катталыш мөөнөтүнүн узартылышы Кыргыз Республикасында алардын визасынын мөөнөтү же жашап туруу мүмкүнчүлүгү узартылгандан кийин жүргүзүлөт.

Аларга карата визасыз режим колдонулган пайдаланган чет мамлекеттин жарандарын каттоо күчүн узартуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

12-статья. Каттоо мөөнөтүн узартуу

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын катталыш мөөнөтүнүн узартылышы Кыргыз Республикасында алардын визасынын мөөнөтү же жашап туруу мүмкүнчүлүгү узартылгандан кийин жүргүзүлөт.

Аларга карата визасыз режим колдонулган, алардын болуу мөөнөтү 60 күндөн ашкан чет мамлекеттин жарандарын каттоо, каттоонун колдонулушун узартуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

 

 

 

 

1 тиркеме

 

Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнүн негизги индекаторлору боюнча динамикалык таблица

   

 

 

2011

2012

2013

2014

2015

2016 (1-жарым жылдык)

 

Туристтердин саны:

 

Кыргызстандын чек арасынан өтүшкөн чет өлкөлүк жарандардын саны (миң адам)

2 277,5

2 406,0

3 076,0

2 849,4

3 050,6

 

 

Келүүчүлөрдүн (туристтердин) саны, миң адам

817

1 199

1 132

1 245

1 265

 

 

Катталган чарбакер субъекттердин саны:

 

Туризм чөйрөсүнө байланышкан

60 042

67 398

75 300

94 100

100 500

101 600

 

алардын ичинен рекреация жана эс алуу жаатында кызмат көрсөткөндөр

6 258

6 690

7 200

9 500

10 300

10 500

 

Туристтик иш чөйрөсүндөгү дүң кошумча нарк:

 

млн. сом

12 877,2

14 205,5

16 169,0

17 318,2

18 779,3

6 702,9

 

ИДП пайыз менен

4,5

4,6

4,6

4,3

4,4

3,8

 

Туристтик бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшгкөн өнөр жай продукциясын өндүрүү, млн. сом

515,7

584,2

2 384,8

662,6

1 051,4

215,4

 

Туризм чөйрөсүндөгү негизги капиталга инвестиция, млн. сом

10 004,2

8 472,7

8 771,7

10 635,3

8 370,7

2 011,7

 

Киргизилген негизги фонддор, млн. сом

2 273,1

3 628,3

2 370,0

22 054,9

1 274,1

172,7

 

Транспорттун бардык түрлөрү менен туристтерди ташуудан алынган киреше, млн. сом

7 226,7

8 250,2

9 506,4

9 127,0

8 441,8

3 455,7

 

Туризм чөйрөсүндөгү чекене сооданы жүгүртүү, млн. сом

10 645,2

12 132,4

14 002,5

16 663,4

18 611,4

7 048,7

 

Даяр тамак ашты берүүчү ресторандардын, барлардын, ашканалардын ж.б. ишканалардын акча жүгүртүүсү; млн. сом

4 683,4

5 199,5

6 184,8

7 338,5

8 303,5

2 395,5

 

Туризм чөйрөсүндөгү рыноктук кызмат көрсөтүү, млн. сом:

 

туристтик агенттердин кызмат көрсөтүүсү

685,9

1 119,0

1 177,2

1 346,4

1 382,1

518,4

 

Санитардык-курорттук иштердин кызмат көрсөтүүсү

440,2

573,1

516,6

585,5

769,3

212,2

 

Кыска мөөнөткө жашап туруучу мейманканалардын жана башка орун жайлардын кызмат көрсөтүүсү

1 556,7

1 759,4

2 232,9

2 761,9

3 192,5

1 116,2

 

Туристтик кызмат көрсөтүүнүн экспорту (чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуудан түшкөн киреше), млн. АКШ доллары

631,3

410,8

513,9

408,1

410,1

 

 

Туристтик кызмат көрсөтүүнүн импорту (чет өлкөлөрдөгү КР жаранынын чыгашалары),  млн. АКШ доллары

407,5

333,4

338,6

377,3

394,3

 

 

                     

 

Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүшкөн чет өлкөлүк жарандардын саны, өлкөлөр боюнча (миң адам)

           

 

2011

2012

2013

2014

2015

Австралия

1,4

1,7

1,7

2,2

2,2

Австрия

0,5

0,9

1,1

1,2

1,2

Азербайжан

4,0

3,6

3,5

3,7

5,3

Беларусь

1,7

1,3

1,9

2,7

3,6

Германия

8,6

11,7

9,2

15,2

16,7

Грузия

0,9

1,0

1,3

1,8

2,5

Израиль

0,7

1,1

1,1

1,8

2,4

Индия

2,0

2,8

3,1

4,2

7,6

Иран

2,7

1,9

1,3

1,2

1,2

Италия

1,5

1,1

1,8

2,6

3,0

Казахстан

865,0

1 675,6

2 156,0

1 998,5

1 989,2

Китай

25,3

24,1

30,1

29,9

35,8

Корея

3,7

5,7

3,7

10,5

3,4

Сингапур

0,2

0,1

0,4

0,2

0,2

ОАЭ

4,5

11,2

10,3

8,6

0,5

Пакистан

2,1

2,0

1,7

1,9

1,7

Польша

0,7

1,0

1,0

2,1

2,5

Россия

1 020,6

364,6

448,9

447,7

528,7

(Улуу Британия) Бириккен Королдугу

3,2

4,2

4,3

4,4

6,9

АКШ

15,8

16,7

20,2

14,3

19,2

Таджикистан

50,9

72,1

114,1

79,3

117,6

Туркменистан

0,3

0,4

0,5

8,6

5,9

Таиланд

1,1

5,9

11,3

7,0

0,1

Түркия

15,7

18,4

25,4

33,0

36,1

Өзбекистан

212,2

158,6

190,5

125,9

60,9

Украина

9,1

3,5

4,9

5,8

133,6

Франция

3,7

3,9

5,2

5,1

5,8

Швейцария

2,2

2,1

2,7

2,6

2,8

Швеция

0,2

0,4

0,4

0,4

0,9

Чехия

0,1

0,1

0,4

0,1

2,1

Япония

2,5

2,3

2,7

2,7

3,6

Баары

2 277,5

2 406,0

3 076,0

2 849,4

3 050,6



Көрүүлөрдүн саны : 4570