2016-жылдын 2 ноябры № 1029-VI “2015-жылдын 29-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн, Ислам Өнүктүрүү Банкынын, жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари Улуттук борборунун жана Мал чарба жана жайыт боюнча кыргыз илимий-изилдөө институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

09-11-2016 09:50

2016-жылдын 2 ноябры № 1029-VI

“2015-жылдын 29-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн, Ислам Өнүктүрүү Банкынын, жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари Улуттук борборунун жана Мал чарба жана жайыт боюнча кыргыз илимий-изилдөө институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 13-июлундагы № 392-токтому) “2015-жылдын 29-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн, Ислам Өнүктүрүү Банкынын, жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари Улуттук борборунун жана Мал чарба жана жайыт боюнча кыргыз илимий-изилдөө институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 743