Мандатын тапшырган айым депутаттардын ордуна сөзсүз түрдө айым депутаттын келиши шарт

04-07-2016 16:36

Ысык-Көлдө  өтүп жаткан  Жогорку Кенештеги депутат айымдардын форуму гендердик маселелерди талкуулоону улантууда. Анда баяндама жасаган депутат Т.Исакунованын белгилешинче, ЖК депутаттарынын арасындагы айымдардын көрсөткүчү 1995-жылдагы 105 депутаттын арасында бешөө гана аялдар болгонун ачыктады. Ал эми 2000-жылдагы 105 депутаттын 7си айым болгон. Бирок, мындай өсүш көпкө сакталган жок. Ага  2005-жылдагы жалаң мырзалардан турган парламенттин түзүмү далил. 2007-жылы 90 депутаттын 23ү аялдардан турса, 2010- жылы алардын эсеби 28ге жеткен. Бул жакшы жылыш деген менен кайра эле азыркы 2015-жылы шайланып келген парламентте аял-депутаттардын саны 16% болуп төмөндөп кетти.

Ошондуктан, депутат айымдардын форуму мандатын тапшырган айым депутаттардын ордуна келе турган жаңы депутат сөзсүз түрдө айым болушу шарт деген сунуш менен чыгууда.

Ошондой эле депутат Т.Исакунова Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде да айымдардын жетекчи кызматтарда болушу жакшы натыйжа бермек,- дейт. “Мисалы, Нурада болгон жер титирөөдө каза болгондордун басымдуу бөлүгү аялдар менен жаш балдар. Демек, аларга табигый кырсыктар маалында кантип коргонуунун элементтери жеткиликтүү түшүндүрүлгөн эмес. Бул бир маселе болсо, ал эми окуя орун алгандан кийинки жабырлануучуларга таратылуучу гуманитардык жардамдарда айымдар муктаж болгон гигиеналык каражаттарга дээрлик көңүл деле бурулбайт”,- дейт эл өкүлү.

Талкууда депутат Евгения Строкова Норвегиянын мисалга келтирип, аталган мамлекетте бийлик башына аял киши келген учурда билим берүү тармагы кыйла жогорку сапатка көтөрүлө алгандыгын атады.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы



Көрүүлөрдүн саны : 2744