Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 16-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору

17-02-2022
11:15

2022-жылдын 16-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “2017-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 17.11.21деги № 268 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 03.12.21деги № 290 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “2021-жылдын 17-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 12-ноябрындагы Атаандашуунун бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары ишке ашырылган учурда купуялуу маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилик жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 11.01.22деги № 2 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)