Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 2-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам жана токтом долбоорлору:

03-02-2022
11:38

2022-жылдын 2-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам жана токтом долбоорлору:

 

1. “2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз тармагында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.08.20дагы № 457 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “2017-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 17.11.21деги № 268 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 03.12.21деги № 290 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык ɵнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автомобиль жолунун (Корумду – Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-16078/21, 19.11.2021) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Социалдык саясат боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын четке кагуу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - токтом долбоору кабыл алынсын)